Бишкекте төө буурчакка какап калган наристени дарыгерлер аман алып калышты.
3-балдар ооруканасынын дарыгерлери аны чукул бронхоскопиянын жардамы менен сактап калышкан. Бул тууралуу Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынан билдиришти. Бул окуя 10-апрелдин кечинде болгон.
«Баланын ата-энеси дароо медициналык жардамга кайрылышкан эмес. Эртеси күнү гана баланын жөтөлү күчөп, дем алуусу кыйындап, дарыгерлерге кайрылышкан”,-деп билдиришти медициналык мекемеден.
Операцияны көкүрөк хирургия бөлүмүнүн башчысы А.Н.Садыков жана анестезиолог Р.М.Низамовалар жасашты. Ден соолукка коркунуч келтирген зат организмден. толугу менен чыгарыла элек, бирок учурда баланын абалы туруктуу.