Бишкекте “Доор өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу форум өттү – видео

Бишкекте “Доор өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу форум өттү – видео

Бишкек шаарында бүгүн, 10-мартта “Доор өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу форум өттү. Ал Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 95 жылдыгына, БУУнун Аялдардын макамы боюнча комиссиясынын 65-сессиясына жана Аялдардын эл аралык күнү боюнча, жаштардын “Теңдик Мууну” долбоору боюнча глобалдык өнөктүктөрүнө арналган.

Иш-чарада Кыргызстандагы аялдардын коомдогу орду, көйгөйлөрү талкууланды.

Ага дубандардан аялдар чакырылып, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Кыргызстандагы лидер аялдардын катышуусунда өттү.

Форум Швейцария өкмөтүнүн колдоосундагы Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын «Кыргызстанда 2020-2021 жылдары шайлоолорго көмөктөшүү» долбоорунун алкагында жана  Жапон өкмөтүнүн колдоосундагы Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын Аялдар түзүмүнүн “Тендик нуру” демилгесинин алкагында өттү.

 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>