Кечээ, 28-майда Борбор калаада залкар Манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Дүйнөлүк «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалы ачылды. Иш-чара 30-майга чейин уланарын Маданият, маданият жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Фестивалга ар кайсы өлкөлөрдөн окумуштуулар, дастанчылар жана маданият ишмерлери катышууда. Программада Эл аралык илимий симпозиум, көргөзмөлөр жана концерттик спектаклдер бар.
Фестиваль кечээ күнү кыргыздын жашоосун, ырым-жырым, үрп-адат, салт-санаасын чагылдырган театрлаштырылган коюм менен башталып, “Түндүк көтөрүү” жөрөлгөсү менен концерт менен уланган. Ошондой эле улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата “Манас” театрында “Тайтору” спектакли тартууланган.
Бүгүн фестиваль “Эпостун универсалдуу табияты: типологиясы жана негизги этникалык моделдери” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык симпозиум менен коштолуп, концерттик программалар менен уланат.
30-май күнү иш-чара театрлаштырылган гала-программа жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен аяктайт.