Бишкекте ээси жок жаныбарлар үчүн муниципалдык башпаанек ачылышы мүмкүн
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев шаардагы ээси жок үй жаныбарлары үчүн муниципалдык башпаанек курулушу мүмкүн экенин айтып берди.

Рамиз Алиев Reporter.kg‘дин кабарчысына билдиргендей, «Тазалык» ишканасына жаныбарлар үчүн убактылуу кармоочу жай сыяктуу атайын мекеме түзүү тапшырылган.
Ал ээсиз иттердин көбөйүшү шаар тургундарынын үй жаныбарларына болгон жоопкерчиликсиз мамилесине байланыштуу экенин белгиледи. Анын айтымында, ээси жок жаныбарлардын негизги пайда боло турган жери катары Ош базары кала берүүдө, дем алыш күндөрү бул жерде жаныбарлар көп сатылат. «Эгер жаныбарлар сатылбаса, жөн эле көчөгө таштап кетишет», — деди вице-мэр.
Ошондой эле ал шаар тургундары үй жаныбарын асыроо чечимин кабыл алганда, аны сөзсүз түрдө каттоодон өткөрүп, эмдөөдөн өткөрүүгө жана санитардык талаптарды сактоого милдеттүү экенин кошумчалады. Ошол эле маалда ал ээси жок жаныбарларды жакшы ниет менен тамактандыруу көп учурда алардын көп санда топтолушуна алып келерин билдирди.
«Мисалы, жертөлөлөрдө ээси жок жаныбарларды үйсүз адамдар тамак берип багышат», — деди Алиев.
Анын айтымында, «убактылуу кармоочу жай» сыяктуу жай түзүү идеясы иттерди атуу жана башка адамгерчиликсиз ыкмалардан баш тартууга багытталган. Бул жаңы жайда жаныбарларды убактылуу кармоо, текшерүү, башпаанекке жайгаштыруу же ээси табылса, кайра кайтарууга мүмкүн болот.
Үй жаныбарларын кармоонун жаңы эрежелери бекитилгенден кийин «Тазалык» ишканасы жаныбарларды убактылуу кармоочу жайды куруу жана алардын каттоосу менен камкордугун уюштуруу программасын иштеп чыга баштайт.