Борбор калаада Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда борбордук көчөлөрдү жана борбордук «Ала-Тоо» аянтын кооздоо иштери жүрүп жатат. Жалпы жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом бөлүнгөн.
Мындан тышкары 31-августта аянтта медициналык «Тез жардам» кызматынын жана өрт өчүрүү кызматынын унаалары нөөмөттө болот.
Ал эми коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ИИББинин жеке курамы тартылат.