Бишкекте «Евразия» паркынын жаш коноктордун тилегин орундатуу боюнча социалдык акциясы аяктады

26.01.2026 | 12:32

«Евразия» паркынын администрациясы «Аяз атанын почтасы» долбоорунун алкагында балдарга белек тапшыруу аземин өткөрдү. Иш-чара коомдук мейкиндиктеги майрамдык активдүүлүктөрдүн кышкы сезонун жыйынтыктоочу этап болуп калды.

Жаңы жылдык каникул учурунда паркта атайын зоналар иштеп, ал жерде балдар өз каалоо-тилектерин жазган каттарын калтырууга мүмкүнчүлүк алышкан. 11-январда парктын башкы сахнасындагы ачык иш-чаранын жүрүшүндө туш келди тандоо ыкмасы менен алты кат аныкталган. Балдардын эңсеген өтүнүчтөрүнүн арасында велосипед, оюнчук тик учак жана башка белектер болгон.

24-январда парктын өкүлдөрү тандалган каттардын авторлоруна алар сураган белектерди тапшырышты. Билим берүүнү жана өнүгүүнү колдоонун кошумча чарасы катары администрация ар бир балага заманбап планшет берүү чечимин кабыл алды. Уюштуруучулар долбоор позитивдүү социалдык чөйрөнү калыптандырууга жана балдардын демилгелерин колдоого багытталганын белгилешти.

Scroll to Top