Бишкекте индиялык студенттер баңгизат сатууга шектелип кармалды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринде окуган эки индиялык студент Индиядан ташылып келинген баңгизаттарды сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат аталган студенттер өлкө аймагында Instagram соцтармагы аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат сатуу менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу жана жөнөтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, 1-ноябрда Индиянын 19 жаштагы «D» жана 22 жаштагы «S.M.» эки жараны кармалган. Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда болжол менен 1 кг өлчөмүндөгү баңги зат каражаттары, ошондой эле психотроптук баңги заттар табылган.
Учурда баңги заттарды ташып келүүнүн жолдору, ошондой эле ташууга жана таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.