Бишкек шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылы туулган Кутман аттуу өспүрүм 1-июлда “Аламүдүн” базарынан жоголуп, дайынсыз болуп жатканы айтылган. Милиция кызматкерлери издөө жүргүзүп келишкен.
Свердлов РИИБдин кызматкерлери кечээ, 6-июлда өспүрүмдү таап, жакындарына өткөрүп беришкен.