Бишкек шаарынын Үмөталиев жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде электр калканынан чыккан өрт жанаша жайгашкан кафеге жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Кырсык болгон жерге 2 өрт өчүрүүү бөлүм тартылып, өрт саат 21:56да чектөөгө алынган.
“Өрттүн толук өчүрүлүшү боюнча маалымат кийин берилет”, — дейт ӨКМнын басма сөз кызматы.