Ауэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады
Бишкекте кафе жана клубдар түнкү тынчтык боюнча текшерилди
19.09.2025 | 12:50

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаанын төрт районунда түнкү тынчтыкты сактоо боюнча профилактикалык рейддер өткөрүлдү. Рейддерге вице-мэрлер Виктория Мозгачева, Азамат Кадыров, Нургазы Курманбеков жана мэрия аппаратынын жетекчиси Ильяс Колопов катышты.
Тургундардан даттануулар түшкөн клубдар жана көңүл ачуу жайлары текшерилип, ээлерине мыйзамдын талаптары түшүндүрүлдү. Айрым жайларга — «Кочевник», My Shisha жана Season — 84 миң сомго протокол түзүлдү.
Муниципалитет эскертет: жумуш күндөрү тынчтык саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү — 22:00дөн 09:00гө чейин сакталууга тийиш. Мындай рейддер мындан ары да улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом