Садыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдүТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даяр
Бишкекте кичи автобустардын саны дээрлик 3 эсеге кыскарды
06.11.2022 | 14:30
Акыркы бир нече жылда Бишкекте кичи автобустардын саны дээрлик 3 эсеге кыскарды. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктура өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу билдирди.
Анын айтымында, 2014-2015-жылдары шаардыктарды 5 миңге жакын кичи автобус тейлечү. Бул жылдары жол кире акысы 8 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн.
“Ал убакта дизель отунунун баасы 41 сомду түзгөн. Унаа тетиктери сыяктуу эле күйүүчү майдын баасы жыл санап кымбаттап жатат. Буга байланыштуу кичи автобустардын саны бир нече эсеге кыскарды” , – деп түшүндүрдү Нурбек Сагынбек уулу.
Анын маалыматына караганда, учурда эртең менен күн сайын 1,3 миң кичи автобус каттамга чыкса, саат 14:00гө карата алардын саны 1,7 миңге чукулдайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом