Бишкекте классташтар уруша кетип, окуучу кыз каза тапты

Бишкекте классташтар уруша кетип,  окуучу кыз каза тапты

Борбор калаадагы № 31-орто мектепте 7-класстын окуучусу каза болгон кайгылуу окуя катталды.

Милициядан билдиришкендей, сабак учурунда эки окуучунун — 2011-жылы туулган А.А. 2010-жылы туулган А.Анын ортосунда жаңжал чыгып, уруша кетишкен.  Бала кыздын денесине залал келтирип, андан кийин кыз эсин жоготкон.

Жерине Тез жардам кызматы келгенде окуучу кыз каза болуп калганы аныкталган.

Ал эми, Бишкек шаардык мэриясы бул окуя боюнча түшүндүрмө берип, кызматтык иликтөө аяктаганга чейин такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырды.

Белгиленгендей, окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, Бишкек мэриясынын, билим берүү башкармалыгынын, Ленин райондук администрациясынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да келишкен.

Учурда бардык чаралар көрүлүп, окуя боюнча тергөө амалдары башталганы  кошумчаланды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>