Бишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» эл аралык илимий конференциясы өттү

Бишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Иш-чарага Орусия, Кытай жана Жапониядан келген, ошондой эле жергиликтүү окумуштуулар, археологдор жана тарыхчылар катышты.
Конференцияда 2025-жылдагы археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылды. Катышуучулар негизги объекттер боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжаларын сунушташты: Кочкор-Башы шаарчасы, Саймалу-Таш археологиялык ландшафты, орто кылымдагы Өзгөн байыркы шаары, Талас жана Нарындынаска бетиндеги сүрөттөрү, Чырпыкты көрүстөнүндөгүавариялык-куткаруу казуу иштери ж.б.
Маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминовдун айтымында, 2025-жылы археологиялык изилдөөлөрдүн географиясы кеңейип, Чүй, Нарын, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарынын аймактарында комплекстүү казуу иштери жүргүзүлгөн. Мында орто кылымдардагы шаар урандыларын, курган комплекстерин жана коло доорунун эстеликтерин изилдөөгө басым жасалган.
Конференциянын алкагында илимий баяндамалар угулуп, мамлекеттик программанын үчүнчү жылындагы артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Жыйындын материалдары 2026-жылы өзүнчө жыйнак болуп басылып чыгары маалымдалды.
Маданият министрлиги бул багыттагы ишти өркүндөтүүнү улантат. Алдыда тарыхты келечек муундар үчүн сактап калуу максатында ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, коргоо чараларын күчөтүү жана агартуу демилгелерин өнүктүрүү пландалууда.