Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны башталды

Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны башталды

Бишкекте Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны башталды. Маалыматты министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал талкууланууда.

Жолугушууга төмөнкүлөр катышууда:

  • Президент Садыр Жапаров;
  • Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов;
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров;
  • Башкы прокурор Курманкул Зулушев;
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана башкалар.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече тилкелерде ок атышуу башталган. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, таңкы саат 6:00 чамасында тажик тарап чек ара отряддарын жана кыргыз тарапты аткылай баштаган.

Кийинчерээк тажик тарап Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара заставаларын жана чек ара айылдарын миномет менен аткылаган. Буга чейин 55 адам жарадар болуп, айрымдары каза болгон. 14-сентябрдагы атышуулар бүгүн да уланууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек районунун жети айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан. Андан соң президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон да ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан. Кыргызстандын Чек ара кызматынын акыркы маалыматы боюнча, тажик тарап кайрадан ок чыгарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>