Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал. Жаңыланууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал. Жаңыланууда

Бүгүн, 16-сентябра саат 08:25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстан тарап Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштаган.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Бул багытта турган Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жооп иретинде ок атууда», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн эртең менен Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал курчуганын, саат 06:00дө тажик тарап  Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергесиндеги кыргызстандык чек арачыларга ок чыгара баштаганын билдирген.

Саат 06:30да «Көк-Таш» чек ара тозоту жооптуу болгон тилкени миномет менен аткылоого өткөн. Ошондой эле саат 07:10дордо Паскы-Арык жергесиндеги «Самаркандек» чек ара тозотун аткылоо башталган.

Саат 9:30га карата президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымдагандай, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу уланууда.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ошондой эле  Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин  айылдарында ок атышуу уланып, токтой элек.

Кооптуу аймактын жашоочулары эвакуацияланып жатат. Кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

Саат 9:30га карата Чек ара кызматы маалымдагандай, “Кызыл-Бел-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда. Жолугушууга Тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат.

“Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда”, — деп айтылатм аалыматта.

Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда.

Кыргызстандын чек арачылары тажик тараптын куралдуу агрессиясына жооп кылып, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн колдо болгон бардык техникаларды жана куралдарды колдонуу менен адекваттуу чараларды көрүүдө.

Буга байланыштуу убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулуп, Баткен жана Лейлек районунун аймагындагы жергиликтүү эл көчүрүлүүдө.

Ал үчүн ӨКМден атайын техника жана Жарандык коргонуу кызматтарынын Транспорт кызматынан бус унаалары камсыздалды.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде тийиштүү иш-чаралар аткарылууда .

Жараат алгандар тууралуу маалымат (саат 10:00го карата). Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуунун айынан саат 10:00го карата Баткен облустук бириккен ооруканасына 11 жабырлануучу түшкөн. Алардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Саат 10:15ке карата. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда.

Ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында КР УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин колбашчысы  Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушуу уюштуруу үчүн саат 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлдү. Бирок тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат.

Саат 8:30дан баштап КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да да, 10:00до да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.

Каршылык нотасы. Бүгүн, 16-сентябрда Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине байланыштуу Тажикстан тарапка каршылык нотасын тапшырды.

Жараат алгандар тууралуу маалымат (саат 11:00го карата). Жарадар болгондордун саны 18ге жетти. Жараат алгандар Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылган. Алардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ага эки өлкөнүн УКМК башчылары катышууда. 

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, чек арадагы ок атышуудан улам жараат алган жарандардын саны 18 адамга жетти. 

УКМК. Тажикстан Кыргызстандын жерин басып алууга аракет кылууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык Тажикстан кагылыш болгон жерге оор аскерий техникаларын тартууну улантып, Кыргызстандын аймагын бардык арсеналдары менен аткылоодо.

Учурда чек арадагы бардык периметрде кагылышуу болууда. Чек ара кызматы Тажикстандын аскерий агрессиясынын мизин кайтарууда.

Ошол эле учурда чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча иштер жүрүзүлүүдө.

УКМК Чек ара кызматында Тажикстан тараптын агрессиясынын мизин кайтарууга күч жана ресурстары жетиштүү экенин белгилейт жана так эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тургундарды эвакуацияланып жатат.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Тажикстан чек аймагында жашаган тургундарды «тирүү» калкан катары колдонуп жатканын билдирди.

Саат 14:00гө карата. Тажикстан Баткен шаарынын четин жана аэропортунун аймактарын жапырт аткылоочу ракета системалары менен аткылады.

Тажикстандын аскерлери Баткендин Достук айылындагы мектепти басып алды. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштын жүрүшүндө Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын «Ляккан» жана «Богдари» тозотторуна сокку уруп, тажик тараптын бир топ аскердик оор техникаларын жок кылган.

Саат 15:00гө карата. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркаган жарандардын саны 42ге жетти.

Кыргызстан жана Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууну саат 16:00дө токтотууну макулдашты.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында өтүп жаткан ШКУ Саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашты. 

Саат 18:30гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Тажикстан ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, кайра ок атууну баштады. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага жалпы 55 жабырлануучу түшкөнүн, каза болгондор бар экенин маалымдады. 

Саат 20:30га карата УКМК Тажик тарап макулдашууларга карабастан, тажик аскерлери чек ара периметри боюнча чек ара заставаларына чабуул жасап, заставалардын инфраструктурасын гана эмес, мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункттар, үйлөрдү ж.б. соода түйүндөрү сыяктуу социалдык объектилерди да талкалаганын кабарлады.

Саат 21:00гө карата Баткен облусу боюнча 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды.

Саат 21:30 Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрүп бүттү. Өлкө башчысы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү, ошондой эле жабыркаган жана эвакуацияланган Кыргызстандын жарандарына бардык керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>