Бишкекте күн сайын 10дон ашык жүргүнчү билетсиз жүргөнү үчүн айып пул алууда

11.11.2025 | 10:46

Бишкек мэриясы билдиргендей, күн сайын коомдук транспортто 10дон ашык жүргүнчү жол акысын төлөбөгөндүгү үчүн айыпка жыгылууда.

Шаардын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти муниципалдык ишкана «Бишкек шаардык транспорту» жана «Тулпар» компаниясынын кызматкерлери менен биргеликте жол акыны төлөө абалын текшерүү боюнча рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Маалым болгондой, жол акысын төлөбөгөн же билет (төлөм талоону) албаган жүргүнчүлөргө карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык административдик протоколдор түзүлүүдө. Айып пулдун өлчөмү 1000 сомду түзөт. Протоколдор Транспорт инспекциясы тарабынан расмий тартипте катталат.

Мэрия жүргүнчүлөргө накталай төлөм учурунда сөзсүз талоон алуу зарылдыгын эскертет. Ар бир талоондо өзүнчө номери болот жана ал кийинки каттамдарда жараксыз болуп саналат.

Муниципалитет шаар тургундарын коомдук транспортто жүрүү эрежелерин сактоого жана жол акысын өз убагында төлөөгө чакырат.

Scroll to Top