Кыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келди
Бишкекте курулуп жаткан ири стадиондун аты өзгөртүлдү
02.12.2025 | 11:50

Борбор калаада курулуп жаткан ири стадион «Азаттык Арена» эмес, «Бишкек Арена» деп аталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өзүнүн соцтармагында билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчы Садыр Жапаров калктын пикирин эске алып, жыйын өткөргөн. Анда стадиондун аталышы «Бишкек Арена» деп расмий түрдө өзгөртүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин жаңы курулуп жаткан 51 миң орундуу стадион «Азаттык Арена» деп аталары айтылган. Стадион ФИФАнын эң жогорку стандарттарына ылайык курулуп, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Ири аренанын салтанаттуу ачылышы 2026-жылдын август айына пландалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом