Бишкекте күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү

Бишкекте күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү

Бүгүн, 22-март күну Бишкек шаарындагы ири май куюучу жайлардын расмий сайттарынын маалыматы боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орточо эсеп менен 0,4%га жогорулады.

Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 62,95 сомго (+0,25 сомго, 0,4%га) көтөрүлдү. Ал эми дизель отунунун орточо баасы 63,5 сом болсо, суюлтулган газ 33,95 сомду түзүүдө.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин эң төмөнкү баасы 62,9 сом,  АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 65,9 сом. “Газпром нефть” ишканасы АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин литрин 74,5 сомдон сунуштап жатат.

Дизель майынын минималдуу баасы 63,3 сомду түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>