Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 15-мартка карата АИ — 92 маркасында күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 2,78% жогорулады.
АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 44, 4 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда — 41, 7 сомго, суюлтулган газ — 24, 65 сомго бааланууда.
АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 43, 9 сомду, АИ-95 — 45, 9 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 49, 9 сом менен жана Bishkek Petroleum 50, 5 сом менен сунуштоодо.
Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 41, 5 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:
— «Партнер Нефть» — 23,9 сом менен;
— Bishkek Petroleum — 23,9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
— «Газпром нефть» — 25, 4 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).