Бишкекте Манастын айкелинин астындагы конструкциялар демонтаждалып, кайра оңдолот

Бишкекте Манастын айкелинин астындагы конструкциялар демонтаждалып, кайра оңдолот

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар демонтаждалып, толугу менен оңдолот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштерин январдын ортосунда баштоо пландалууда.

«Болбосо Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урап калышы мүмкүн.

Эске салсак 2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоо иштери жүргөн. Ошол кезде бул жерде гидроизоляциялоо иштери талаптагыдай аткарылган эмес Тарых музейин реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом жана Түркия тараптан 15 млн доллар грант берилген.

Ошол себептен суу кирип, астындагы конструкциялардын бузулуусуна алып келген. Эми эстелик астын оңдоодо бул кемчиликтер эске алынып, толугу менен жоюлат», — дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>