Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Бишкекте мектептерге кабыл алуу уланууда: бош орундар бар
22.07.2025 | 06:48
Бишкек шаарындагы мектептердин 1-2-класстарына балдарды кабыл алуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэрдин орун басары Виктория Мозгачева маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө борбор калаада 1840 бош орун бар, ал эми жеңилдетилген тизмеге кирген балдар үчүн кошумча 1937 орун каралган.
“6-7 жаштагы балдар мектепке барат. Ата-энелерге онлайн каттоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. 6 жаштагылар — 1-класска, 7 жаштагылар — 2-класска кабыл алынат. Бир дагы бала мектепке алынбай калбайт”, — деп белгиледи Мозгачева.
Мэриянын маалыматына караганда, жыл сайын шаарда окуучулардын саны 10-12 миңге көбөйүүдө. Учурда жалпы окуучулардын саны 236 миңге жетти. Бул көрсөткүч шаар аймагынын кеңейип жатканы менен да байланыштуу.
Рубрики: Коом