«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Министр: “Мейкин Азия” фестивалынын баш байгеси 8 миң доллар
22.07.2025 | 06:51
Маданият, спорт, туризм жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалынын жеңүүчүсүнө 8 миң долларлык баш байге ыйгарыларын билдирди.
Анын айтымында, биринчи орунду ээлеген катышуучу 6 миң доллар алат, ал эми баш байге — 8 миң доллар. Жалпы байге фонду 20 миң долларды түзөт.
Эскерте кетсек, аталган фестивалга 25 өлкөдөн келген таланттуу ырчылар катышууда. Иш-чара Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат жана маданий байланыштарды бекемдөөнү, чыгармачылык өнүгүүнү колдоону максат кылат.
Рубрики: Жаңылыктар