Бишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталды

Бишкек шаарынын аймагында мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларын текшерүүгө багытталган рейддер башталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Текшерүүлөр күн жылып, эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын саны көбөйгөнүнө байланыштуу уюштурулууда. Рейддин максаты — жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулардын тартибин жогорулатуу болуп саналат.
Текшерүү учурунда кайгуул кызматкерлери айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөрдү беришет. Өзгөчө көңүл транспорт каражаттарынын техникалык талаптарга шайкештигине жана тийиштүү документтердин бар экенине бурулат. Кыймылдаткычтын көлөмү же кубаттуулугу белгиленген талаптарга жооп бербеген, ошондой эле документтери жок айдоочуларга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлөт.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы транспортту тийиштүү документтерсиз башкаруу жана техникалык талаптарга жооп бербеген абалда колдонуу жол кыймылынын катышуучулары үчүн коркунуч жаратаарын эскертет. Мындан улам жарандарды жол эрежелерин сактоого жана коргоочу каражаттарды колдонууга чакырды.