Тергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыКыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты
Соттун оң чечимин убадалап, 26 миң доллар алган. Аламүдүн райсотунун судьясы кармалды
07.04.2026 | 17:08

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, судья кызматтык абалынан пайдаланып, эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүү убадасы менен жарандан 26 миң доллар алган. Бирок судья аталган маселени чечип берген эмес.
УКМК кызматкерлери аталган судья мурда алган акча каражатынын бир бөлүгүн – 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда кылмыш үстүндө кармалган.
3-апрелде Судьялар кеңеши Ш.Б.Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. 6-апрелде судьяга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар