Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулат

Бишкек шаарынын мэриясы мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбор куруу долбоорун ишке ашырууга киришкенин билдирди.
Учурда мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан имаратты бузуу иши жүргүзүлүп, объектинин айланасына тосмолор орнотулду.
«Чатыр-Көл» кинотеатры 1967-жылы Токтоналиев көчөсүндө ачылган. 2010-жылы имарат улутташтырылып, «Учур» жаштар театрынын карамагына өткөрүлгөн. Бирок имаратта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
2025-жылдын 5-ноябрында имаратта өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен ал жабыркаган. Окуядан кийин Бишкек шаарынын мэри имаратты изилдеп, анын ордуна жаңы маданий борбор куруу долбоорун иштеп чыгууну тапшырган.
Азыркы тапта объектини долбоорлоо иштери жүрүүдө. Керектүү иш-чаралар аяктагандан кийин курулуш иштери башталат.