Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Ноорузга карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? (тизме)
19.03.2025 | 11:48
Бишкек шаарынын төрт районунда 20-21-март күндөрү Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардын мэриясы маалымдады.
Биринчи Май районунда:
- 20-март: Маевка жана Пригородный конуштарында концерт жана маданий оюн-зоок программалары өткөрүлөт.
- 21-март: Жаштар сейил багында, Кут конушунда көргөзмөлөр, концерттер, спорттук мелдештер жана майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Ленин районунда:
- 21-март: «Чүкө» эс алуу борборунда, «Люкс» паркында, Чоң-Арык жана Киргизия-2 конуштарынын маданий борборлорунда майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында “Сүмөлөк” улуттук тамак-ашын уюштуруу, концерттик программа жана улуттук спорт оюндары өтөт.
- Ошондой эле бул күнү майрамдык иш-чаралар төмөнкү даректерде өтөт: Джунусалиев көч., 40, 40а, Айни көч., 31, Ахунбаев көч., 202, 204, Жаманбаев көч., 36, Жал-23, №11,12,14,16, Ч.Айтматов проспектиси “Азия Молл” соода борборунун жанында, Тимирязев көч., 12 дарегинде.
Свердлов районунда:
- 20-март: №17 муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) аймагында, №11 орто мектебинин спорт аянтчасында, Учкун конушунда, «Аламүдүн» МАБнын жана №21 МАБнын аймагындагы №21 орто мектебинин аймагында, Эне-Сай конушунда улуттук спорттук мелдеш өткөрүлөт. «Сүмөлөк», концерттик программа жана сый тамактар уюштурулат.
- 21-март: Арбат аллеясында, Чыгыш-5 кичирайондо кийиз, чий токуу, карапа жана башка улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча бардыгына акысыз мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле мольберттин жана комуздун көргөзмөсү №18, №19, 21-МАБында, Лебединовка МАБында, Төмөнкү Ала-Арча МАБда боз үй тигилип, таттуулар уюштурулуп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук даамдардын жарманкеси өткөрүлөт.
Октябрь районунда:
- 21-март: Ынтымак сейил багында боз үй тигилип, дасторкон, улуттук спорттук мелдештер жана мастер-класстар уюштурулат. “Шайыр балалык”, NARK ART HOUSE балдардын чыгармачылык борборлору жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтөт. Ошондой эле майрамдын урматына Көк-Жар конушунда балдар үчүн спорттук оюндар уюштурулуп, жалпы элдик майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом