Бишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жаратты

21.10.2025 | 18:29

Интернет колдонуучулары А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын «Малахит залында» өткөн иш-чараны кызуу талкуулап жатышат. Жакында эле бул жерде пилатес сүйүүчүлөрүнүн жолугушуусу өткөн, бул болсо шаар тургундары менен соцтармактардагы колдонуучулардын нааразылыгын жаратты.

Көптөгөн бишкектиктер залды мындай максатта пайдалануу туура эмес деп эсептешүүдө. Колдонуучулар: «Бул залда үйлөнүү күнүндө жаш жубайларга сүрөткө түшүүгө да тыюу салышат, бирок ушундай маданиятсыздыкка уруксат беришти», — деп жазышкан.

Маданият министрлиги Reporter.kg редакциясына билдиргендей, бул иш-чара чындап эле театрдын форматына туура келбейт. Ошол эле учурда министрлик ар бир мамлекеттик мекемеге кошумча киреше табуу укугу берилгенин белгиледи. Бирок театрдын администрациясы залды ижарага берүү маселесин министрлик менен алдын ала макулдашкан эмес, бул болсо эрежелерге каршы келет.

«Биз да бул иш-чара тууралуу соцтармактардан билдик. Көрөр замат театрдын администрациясы менен байланыштык. Азыр кызматтык текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгында кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти Маданият министрлигинен.

Бул окуя коомчулукта чоң талкуу жаратты: шаардыктар маданий жайларга сый-урмат менен мамиле кылууга жана театрларды фитнес аянтчасына айлантпоого чакырууда.

Scroll to Top