Бишкекте Орто-Сай айылы менен Көк-Жар конушун бириктире турган жол салынат

Бишкектин түштүгүндө Орто-Сай айылын Көк-Жар конушу менен байланыштырган жаңы жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин башкы адиси Азамат Осмоналиев билдиргенин жергиликтүү ЖМКлар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Орто-Сай айылынан түз 7-Апрель көчөсүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул үчүн Балык Кумар көчөсүнөн бир аз жогору жайгашкан Иманалиев көчөсүн 7-Апрель көчөсүнө чейин улантып салуу пландаштырылууда.
Осмоналиев учурда Аалы Токомбаев көчөсүнөн (Түштүк магистраль) баштап Жукеев-Пудовкин көчөсүн түштүк тарапты көздөй улантып ачуу иштери аяктаган. Жукеев-Пудовкин көчөсүн Балык Кумар көчөсү менен туташтырып, ал жерге айланма кыймыл түзүү каралууда.