Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн аймагынан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-майда саат 09:00до «102» кызматына А. Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн аймагынын кыз кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция маркум 2008-жылы туулган М.А. аттуу кыз экенин аныктаган. Кароо учурунда анын денесинен кандайдыр бир жаракаттар табылган эмес.
Учурда маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз