Бишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык текшерилүүдө

22.10.2025 | 16:00

Бишкек Жылуулук электр борборунда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык жарандык коргонуунун республикалык командалык-штабдык машыгуусу башталды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Машыгуунун максаты — жарандык коргонуу органдарынын жана тиешелүү кызматтардын жер титирөө жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын текшерүү. Иш-чара 24-октябрга чейин уланат жана аны КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурууда.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев штаб жыйынында сүйлөп жатып, мүмкүн болгон табигый кырсыктарга системалуу даярдыктын маанисин белгиледи.

«Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын жээктери тазаланып, бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Мындан улам быйыл суу каптоо учурлары катталган жок», — деди ал.

Машыгууга өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, жарандык коргонуу кызматтарынын жана шаардык түзүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле борбор калаанын төрт районунын акимдери катышууда.

Өлкөнүн бардык аймактарындагы өкүлдөр иш-чарага видеоконференция аркылуу кошулду.

Scroll to Top