Психоактивдүү заттардын жаңы түрүн сатуу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагынан “Телеграмм” социалдык тармагында “@LuCHiKso” аттуу акаунту менен психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган фигурант аныкталган.
Ыкчам-тергөөнүн натыйжасында борбор калаада мыйзамсыз аракеттерин жасоого шектүү катары 1993-жылы туулган К.А. аттуу Оруссиянын жараны кармалган.
Жарандын жашаган жеринен кызгылт-сары түстөгү таблетка түрүндөгү, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, тамеки тартуу түрүндөгү жабдуулар, керектөө үчүн түтүктөр жана бульбулятор табылып алынган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 41 граммды түзгөн, жаңы психоактивдүү зат экендиги аныкталган.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы айтылат.