Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Бишкекте реконструкция жана кеңейтүүдөн кийин Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө ачылды
29.11.2025 | 13:31
Бүгүн Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ал 14-июлда кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылган болчу. Мурда бул жерде тыгындар тез-тез болуп турган — көпүрөнүн туурасы 13 метрди түзчү. Эми кошумча кыймыл тилкелери кошулуп, жөө жүргүнчүлөрдүн тротуарларын да эсептегенде туурасы 24 метрге жетти.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырып, бул тилкеде мүмкүн болгон кырсыктардын алдын алууга көңүл бурууну суранууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом