Бүгүн, 2-мартта Бишкектин борбордук аянтында камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык митингин өткөрүп жатышат. Митинг саат 13.00дө куран окуу менен башталды.
Учурда аянтта болжол менен 2 миңден ашык эл чогулду.
Аталган митингде бийликке 20 талап коюлары маалым болду. Алардын эң башкы талабы саясатчы Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу.