Бишкекте Snow Leopard Run – 2025 марафону өттү

22.09.2025 | 09:11

21-сентябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында өлкөнүн эң ири спорттук жарышы – Bishkek Snow Leopard Run – 2025 болуп өттү. Алтынчы жолу өткөн марафонго 5 миңге жакын адам, анын ичинде 500 бала катышты.

Мэриянын маалыматына ылайык, марафондун ачылышында мэр Айбек Жунушалиев ар бир катышуучу табиятты жана кар барсты сактоого салым кошуп жатканын белгиледи.

Катышуучулар үчүн 5 км, 14 км жана 21,1 км аралыктагы чуркоолор уюштурулса, балдар Kid’s Run жарышында 100 м, 300 м, 500 м жана 1 км аралыкты чуркашты.

Бул жылы иш-чара эл аралык деңгээлге чыгып, 24 өлкөдөн келген 672 чет элдик спортчу катышты. Кыргызстан аймактарынан 1245 киши жана Бишкектен 2865 спортчу чыкты.

Марафон AIMS тарабынан сертификацияланып, эл аралык жарым марафондор календарына киргизилген. Старттык төлөмдөрдүн бир бөлүгү кар барсты жана анын экосистемасын коргоо программаларына жумшалат.

Финишке жеткендердин бардыгы эстелик медаль алышты, ал эми жеңүүчүлөр демөөрчүлөр тарабынан сыйланды.

Scroll to Top