Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны күн сайын азайуда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада шаардагы 13 күндүзгү стационар 1 миң 688 кишини кабыл алды.
«1 688 киши ооруканага жаткырылды. 27-июлга караган түнү түнкү стационарларга 357 киши кайрылган. 27-июлга карата күндүзгү стационарлар 72 миң 4 кишини кабыл алса, түнкү санитардык бөлүмгө 6 644 бейтап кайрылган», — деп айтылат мэриянын маалыматында.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Бишкекте 14 миң 861 адамдан коронавирус аныкталган.