Бишкекте студенттер атомдук технологиялар жана космос боюнча билимдерин текшеришти

13.11.2025 | 17:15

12-ноябрда Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө арналган Global Atomic Quiz 2025 эл аралык викторинасы өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайларынан 70тен ашуун студент катышты.

Викторинаны өткөрүүнү «Росатом» мамлекеттик корпорациясы демилгелеген. Иш-чаранын максаты — жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттыруу жана атомдук технологиялардын адам жашоосундагы маанисин көрсөтүү.

«Росатомдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Константинов атом тармагы быйыл 80 жылдыгын белгилеп жатканын айтып, энергетика жана технология жаатында жаш адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Катышуучулар атомдук энергетика, медицина жана космос тууралуу 18 суроого жооп беришти. Викторинанын модератору И.Раззаков атындагы КМТУнун доценти Сайрагүл Насирдинова болду.

Жеңүүчү деп табылгандар:
1-орун — Эрболот Усупбеков;
2-орун — Жаныбек уулу Ажибек;
3-орун — Алишер Эрнистов жана Сезим Анарбекова.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылды, ал эми бардык катышуучулар сертификат алышты.

Global Atomic Quiz 2020-жылдан бери өткөрүлүп, 70тен ашык өлкөнүн катышуучуларын бириктирет. Кыргызстанда викторина экинчи жыл катары менен уюштурулууда.

Scroll to Top