Бишкекте тоолуу дистанциялар боюнча ачык чемпионат өтөт

22-мартта Чуңкурчак капчыгайында тоолуу дистанциялардагы спорттук туризм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Спорттук туризм боюнча федерациясы кабарлады.
Программага ылайык, катышуучулар аскалардагы техникалык этаптарды басып өтүшөт, асма өтмөктөр аркылуу өтүү, жиптер менен иштөө жана командалык тактика боюнча күч сынашат. Иш-чарага тоо туризми жана альпинизм менен алектенген спортчулар жана командалар чакырылат.
Мелдештин жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн көрүүчүлөр да чакырылат. Мелдештер саат 09:00дө башталат.
“Бул иш-чара тоодо бир күн өткөрүүгө, техникалык этаптардын өтүлүшүн, альпинисттик жабдыктар менен иштөөнү жана аралыктагы командалардын кызыктуу күрөшүн көрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк”,- деп билдирди федерация.