Шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу үчүн Ленин акимиатынын кызматкерлери облустук салык кызматы менен биргеликте автоунааларды текшерүүдөн өткөрүштү. Кыймылдуу мүлккө салык төлөөдөн качкан унаа ээлерин, ошондой эле иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксаты жок жеке кабиналар менен алектенген ишкерлер аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
1-сентябрга карата шаардык бюджетке кыймылдуу мүлк салыгы боюнча иш жүзүндөгү киреше 256,7 млн сом планга салыштырмалуу 142,9 млн сомду түзүп, 113,9 млн кем түшкөн.
Ушул сыяктуу рейддер уланууда.
Мэрия транспорттук салыкты төлөө мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрында аяктагандыгын эске салып, андыктан салыктарды мүмкүн болушунча эртерээк төлөөнү өтүндү.
[su_image_carousel source=»media: 41127,41126,41125,41124″ crop=»none» autoplay=»4″]