Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөт

23-26-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук университетинде II түрк дүйнөсү жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев кабарлады.
Иш-чара “Келечек сенсиң” деген ураандын алдында өтүп, ага түрк дүйнөсүнөн жүзгө жакын жаш интеллектуалдар, лидерлер, чыгармачыл жаш интеллигенциянын өкүлдөрү катышат.
Форумда «Түрк авиация жана космос өнөр жайы» жана «Авиамотор өнөр жай» ишканаларынын башкы директору Махмут Фарук Акшит жаштарга дем берүүчү баяндама жасайт. Түркиянын атактуу учкучсуз учактары, авиа өнөр жай, космосту өздөштүрүүдөгү жетишкендиктери жана перспективасы тууралуу кызыктуу концепт баян этилет. Ошондой эле иш-чарага конок катары Түркиянын көрүнүктүү илимпозу, коомдук ишмери Рухи Эрсой да катышып, сөз сүйлөйт.
“Форумдун башкы идеясы – түрк жаштарынын биримдиги, лидерлик сапаты, келечеги. Бул форум ондогон өлкөлөрдөн келген жаштардын башын бириктирген өзгөчө платформа”,- деп билдирди Султан Раев.