17–23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча U-23 олимпиадалык курамалар арасында эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.
Мелдешке катышуучулар –Кыргызстан, Оман, Бахрейн, Сирия.
Оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Достук Арена» футбол клубунун стадионунда (Беш-Күңгөй) өтөт.
Турнирге оюн-зоок жана концерттик иш-чаралар коштолот:
- Башкы байге — чет өлкөгө эс алууга жолдомо
- Акысыз балмуздак жана аквагрим
- Балдар үчүн оюн зоналары
- Фудкорт жана даамдуу тамактар
- Сахнага: Султан Садыралиев, Нурайым Акылбекова жана башка артисттер чыгат
Оюндун программасы :
- 17-июль
20:00 – Оман vs Бахрейн («Достук Арена»)
20:00 – Кыргызстан vs Сирия (Өмүрзаков стадиону) - 20-июль
20:00 – Сирия vs Бахрейн («Достук Арена»)
20:00 – Кыргызстан vs Оман (Өмүрзаков стадиону) - 23-июль
20:00 – Оман vs Сирия («Достук Арена»)
20:00 – Кыргызстан vs Бахрейн (Өмүрзаков стадиону)
Маалымат үчүн: мелдеш — быйыл 1–9-сентябрда Бишкекте өтө турган Азия кубогунун (U-23) тандоо турунун алдындагы даярдык болуп саналат. Анда Кыргызстандын жаштар курамасы E тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка менен ойнойт.