«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арыздандыЧүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыОрус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарыхый чекке жетти: инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан аштыКарга байланыштуу «Сосновка» жана «Арал» пунктарында убактылуу чектөө киргизилдиКыргыз мушкерлери Дубайда өткөн Дүйнө чемпионатында күч сынашатСасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылды
Бишкекте укук коргоо органдары пара менен кармалды
11.06.2025 | 17:10
УКМК Укук коргоо органдарынын кызматкерлери акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук ИИБнин улук тергөөчүсү Г.Н.А. аталган райондун прокурорунун жардамчысы Т.Ч.И. менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн жарандан 4 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап алган.
“Алар акча каражаттарын өткөрүп берүү учурунда пара менен кармалган. Тактап айтканда, тергөөчү аталган сумманы прокурордун жардамчысына өткөрүп берген, андан кийин экөө тең ыкчам кызматтар тарабынан дароо кармалган”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар