Бишкекте улуттук маркетплейстерди эл аралык деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бишкекте улуттук маркетплейстерди эл аралык деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Кыргызстандын улуттук маркетплейстери эл аралык электрондук соода тутумуна кошуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Бишкек шаарында өткөн Кыргызстандын Бажы брокерлер ассоциациясынын 20 жылдык юбилейине арналган бизнес-форумда талкууланды.

Форумга кыргызстандык ишкерлер, Азербайжан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Литвадан келген расмий делегациялар катышты.

Анда катышуучулар электрондук сооданын өнүгүүсү, бажы жана соода процесстерин санариптештирүү маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын улуттук маркетплейстери эл аралык электрондук соода тутумуна кантип интеграцияланышы мүмкүн экенин талкуулашты.

Айрыкча логистика маселелерине, салттуу жана санарип соода каналдарынын өз ара аракеттенишине, ошондой эле заманбап финансылык инфраструктураны электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө колдонуу темаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>