Бишкекте унаа токтотуучу жай үчүн акча алгандар алынат: эми төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлөт

12.11.2025 | 16:59

Эми муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын накталай акча менен бербестен, түз эле телефондон төлөөгө болот. Бул акча түздөн-түз шаардык бюджетке түшүп, коррупциялык тобокелдиктерди жоёт.

Унаа токтотуучу жайдын акысын кантип төлөөгө болот:

  1. Унааңызды токтоткондон кийин алдыңыздагы QR-кодго телефон камерасын багыттаңыз;
  2. Чыккан шилтемеге өтүп, GDTI.KG сайтына кириңиз;
  3. Унаанын мамлекеттик номерин жазыңыз;
  4. Банктын картасын тандап, 25 сом төлөп, операцияны ырастаңыз.

Төлөмдү унаа токтоткондон кийин же кетер алдында жүргүзүүгө болот. Эгер төлөнбөсө, жеке адамдар үчүн 1000 сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 5 миң сом айып пул салынат. Жекшемби жана майрам күндөрү унаа токтотуучу жай акысыз бойдон калат.

QR-коддор төмөнкү көчөлөргө орнотулган:

  • Орозбеков көчөсү (Токтогулдан Киев көчөсүнө чейин);
  • Турусбеков көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин);
  • Безымянный көчөсү (Юнусалиевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин);
  • Тоголок Молдо көчөсү (Пушкинден Абдымомуновго чейин);
  • Ибраимов көчөсү (Москва көчөсүнөн Токтогулга чейин);
  • Суеркулов көчөсү (Юнусалиевден Жукеев-Пудовкинге чейин).

Алгачкы убакта муниципалдык унаа токтотуучу жайдын кызматкерлери айдоочуларга жаңы төлөм системасы тууралуу маалымат берип турушат. Андан кийин көзөмөлдү видеокамералар жүргүзөт.

«Жакын арада бул система “Коопсуз шаар” долбоору менен интеграцияланып, төлөм жүргүзүлбөгөн учурлар боюнча маалымат Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгына дароо жөнөтүлөт. Ошондой эле бул система “Менин шаарым” жана “Түндүк” тиркемелери менен да бириктирилет», — деди муниципалдык ишкананын бөлүм башчысы Улан Курманбеков.

Жакынкы аралыкта бул накталай эмес төлөм системасы толугу менен ишке киргизилип, шаардагы башка көчөлөргө да жайылтылат. Жаңы формат айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, шаардык бюджетке түшкөн каражаттын ачыктыгын жогорулатат.

Scroll to Top