Бишкекте «Тойота Камри» автоунаасынын терезесин талкалап, 23 500 сомдук лыжаны уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул туруалуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.
Маалыматта айтылгандай, окуя 7-марттында болжол менен саат 23:05 чамасында болгон.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмыштын изи сууй электе бул ишке шектелип 27 жаштагы адам кармалган.
Аталган факты Жазык кодексинин 200-беренесин (“Уурдоо”) менен кылмыштардын бирдиктүү рейсттине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
[su_image_carousel source=»media: 22825,22826,22827″ crop=»none» autoplay=»4″]