Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Токмокто аялын жана баласын сабап жүргөн жаран кармалды
23.11.2024 | 13:38
Токмокто аялына жана уулуна дайыма зомбулук көрсөткөн деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 28-октябрда Токмок ШИИБге 21 жаштагы М.С арыз менен кайрылып, аны жана 1972-жылы туулган апасы – У.М.ны дайыма сабап келген атасы – 1969-жылы туулган М.И.га карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Милиция тарабынан “Кыйноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип 55 жаштагы М.И, кармалып, Бишкектеги №1 СИЗОго киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар