Бишкекте үй жаныбарларын кармоонун жаңы эрежелери даярдалууда

30.10.2025 | 18:00

Бишкек шаарында үй жаныбарларын жана ээси жок жаныбарларды кармоонун жаңы эрежелери иштелип чыгууда. Документтин долбоору 30-октябрда шаардык кеңештин имаратында талкууланды. Мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин айтымында, жаңы чаралар шаардагы тартипти камсыздап, ошол эле учурда жаныбарларды коргоого багытталган.

Негизги өзгөртүүлөр:

  • Жаныбарларга тамак берүүгө тыюу салуу. Эми көчөдө жүргөн ээсиз ит-мышыктарды тамактандырууга болбойт. Бийлик мунун айынан жаныбарлар көп батирлүү үйлөрдүн короолоруна жана жер төлөлөргө топтолуп жатканын белгилөөдө.
  • Жаныбарлар үчүн баш калкалоочу жайлар. «Тазалык» муниципалдык ишканасына убактылуу баш калкалоочу жайларды түзүү тапшырмасы берилди, алар убактылуу кармоо жайларынын аналогу катары иштейт. Ал жерге жоголгон же ээси жок жаныбарлар убактылуу жайгаштырылат.
  • Каттоо жана эмдөө милдеттүү болот. Бардык үй жаныбарлары каттоодон өтүп, эмделиши зарыл.
  • Көп батирлүү үйлөрдө жаныбар кармоого чектөө. Бир үйдө бир ит (2 айга чейинки күчүктөрү менен) жана эки мышык (3 айга чейинки балдары менен) кармоого гана уруксат берилет.
  • Тынчтык режими. Түнкү саат 23:00дөн таңкы 07:00гө чейин жаныбарлар кошуналарга ыңгайсыздык жаратпашы керек.
  • Тазалык жана санитария. Ээси өз үй жаныбарынын аркасынан тазалоого жана таштандыны жумасына эки жолудан кем эмес чыгарууга милдеттүү. Мындай таштанды терезе же эшиктен кеминде 15 метр алыстыкта сакталууга тийиш.
  • Жаныбарларга зомбулук көрсөтүүгө тыюу салынат. Ар кандай зомбулук аракеттерине жана жаныбарлар катышкан шоу иш-чараларга тыюу салынат.
  • Сейилдөө аянтчалары. Ар бир райондо иттерди сейилдетүү үчүн атайын аянтчалар курулат. Айрымдарына кожоюндардын өтүнүчү боюнча тосмолор коюулушу мүмкүн.

Жаңы эрежелерди бузгандарга айып салынат:

  • жарандар үчүн — 5 миң 500 сом;
  • юридикалык жактар үчүн — 17 миң сом.

Ошондой эле өз жаныбарынын артынан тазалабаган жарандар да айыпка жыгылат.

«Эгер шаар тургуну үй жаныбарын багууну чечсе, ал толук жоопкерчилик алышы керек: каттаттуу, эмдетүү, кам көрүү жана жаныбарды көчөгө таштап кетпөө», – деди Рамиз Алиев Reporter.kg‘ге билдирди.

Азырынча жаңы эрежелердин долбоору коомдук талкуу этабында турат. Жакынкы аралыкта мэрия документти коомчулуктун, Экология министрлигинин, ветеринардык кызматтын жана жаныбарларды коргоо уюмдарынын сунуштарын эске алуу менен кайрадан иштеп чыгат.

Мындан тышкары, Рамиз Алиев жаңы эрежелер бекитилгенден кийин «Тазалык» ишканасы жаныбарларды убактылуу жайгаштыруу жана каттоо боюнча атайын базанын долбоорун иштеп чыгууга киришерин билдирди.

Scroll to Top