Бишкекте Япония кинофестивалы ачылды

06.10.2025 | 10:20

Бишкек шаарында Япония кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хидеки Года, ошондой эле Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев катышты.

Фестиваль Япониянын Кыргызстандагы элчилиги жана Япония фонду тарабынан уюштурулуп, жыл сайын өткөрүлүүчү “Japan Month” — жапон маданияты менен тааныштыруу айлыгынын алкагында өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү жанрдагы сегиз толук метраждуу көркөм фильм көрүүчүлөргө сунушталат.

Кинематография департаментинин маалыматына караганда, чет элдик өнөктөштөрдүн Кыргызстанда өлкөлүк кино күндөрүн өткөрүүгө болгон кызыгуусу артып жатат. 2025-жылдын август айынан бери Татарстан, Түркия, Иран, Россия, Кытай, Казакстан жана Франциянын Кино күндөрү ийгиликтүү өткөрүлгөн. Ал эми ноябрь айында Индиянын Кино күндөрү өтмөкчү.

Жыл аягына чейин жети өлкө жана эки регион өз маданиятын кыргыз көрүүчүлөрүнө тартуулаган ири маданий иш-чараларды өткөрөт деп күтүлүүдө.

Scroll to Top