Бишкекте «Zakovat Asian Cup II» интеллектуалдык мелдеши өттү

Кечээ, 20-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Zakovat Asian Cup II» эл аралык интеллектуалдык оюну өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстан Президентинин Администрация жетекчиси Саида Мирзиёева, Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Маданият министринин орун басары Марат Тагаев жана 700дөн ашык жаштар катышты.

Турнир Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы тууралуу видеоролик менен ачылып, андан соң расмий куттуктоо сөздөрү айтылды. «Брейн-ринг» форматындагы оюнда эки өлкөнүн мыкты зээндүү жаштары күч сынашып, жыйынтыгында Өзбекстандын курама командасы жеңишке жетип, кубоктун ээси болду. Сыйлыкты Саида Мирзиёева тапшырды.

Кеченин маданий бөлүгүндө кыргыз жана өзбек ырчылары бири-биринин тилинде ыр аткарып, достук маанай тартуулашты.
Эске салсак, «Zakovat» турнири буга чейин АКШ, Улуу Британия, Германия, Малайзия, Казакстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө өткөн. Быйыл Кыргызстан интеллектуалдык мелдештин жана маданий баарлашуунун аянтчасына айланды.