Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Тойдон кийинки мушташ. Массалык мушташка катышкан жаран кармалды
21.08.2025 | 12:32

Бишкек шаарында тойдон кийин мушташып жаткан жарандардын видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул боюнча 5 адам кармалганын Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-августта Анкара көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринин унаа токтотуучу жайында мушташ болгон учур аныкталып, аталган факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 32 жаштан 34 жашка чейинки беш жаран кармалып, Октябрь РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мушташтын себеби азырынча айтылган жок.
Рубрики: Жаңылыктар