Бишкекте заманбап балдар оорукана имараты ишке берилди

Бишкек шаарында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имараты пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Өкмөт башчы инфекциялык оорукана эпидемиологиялык коопсуздуктун негизги коргоо линиясы экенин белгилеп, COVID-19 пандемиясында бул мекеменин ролу өзгөчө болгонун эске салды.
Жаңы үч кабаттуу имарат заманбап стандарттарга жооп берет. Анда изоляцияланган палаталар, вентиляция, аба чыпкалоо системалары орнотулган. Бейтаптар жана ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Касымалиев саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат, анын 32си медициналык мекеме болот. Саламаттыкты сактоо тармагына каралган бюджет акыркы эки жылда 22 миллиард сомдон 49 миллиард сомго чейин өстү.